Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Фарид Ниязов Чүй областынын Сокулук районундагы Күн-Туу айылында өтүп жаткан Чүй областынын 90 жылдыгына байланыштуу салтанатка катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуду.

 Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Сары-Өзөн Чүйдүн кадырман калкы!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Чүй өрөөнү адамзат цивилизациясында өзгөчө орду бар регион катары белгилүү. Андан тышкары дүйнөдө эң бакубат жерлердин бири катары саналат. Өрөөндүн аймагында дүйнөлүк мурастын кенчин түзгөн тарыхый-архитектуралык жана археологиялык эстеликтер ушул күнгө чейин сакталуу. Алар: таш дооруна таандык Георгий дөбөсү, Кара-Балтадагы жана Аламүдүндөгү байыркы адамдардын турагы, Кайыңды менен Жайылдагы коло доордогу турак үйлөр, орто кылымга таандык Ашмара, Суйяб, Невакет, Баласагын, Ак-Бешим, Красноречка ж.б. шаарчалары, Х-ХI кылымда курулуп, азыр да сыны кетпей турган Бурана мунарасы, таш балбалдар. Чүйдө туулуп өскөн улуу ойчул Жусуп Баласагындын эмгектери кыргыз жергесинин кыйырынан кыйла жакка таанылган. Анын миң жылдыгын быйыл белгилегени турабыз.

Советтик Кыргызстандын картасында Чүй облусу 1926-жылы пайда болуп, ал кезде кантон деп аталчу. Бул көз мелжиген, береке-байлыкка мол өрөөн өлкөнүн өнүгүшүнүн көчүн баштап келатат. Облуста алгачкы тегирмендер, жыгач иштеткен, май чыгарган, сыра бышырган ишканалар пайда болгон. Анын артынан фабрикалар, чакан гидростанциялар, кийинчерээк кант заводу жана башка ишканалар курулган.

Сары-Өзөндүн калкы өлкөдө биринчилерден болуп сабатын ачып, алгачкы билим жана маданий очоктор пайда болгон. Кыргызстандын бардык дубандарынан жаштар билим артынан Чүйгө агылып, бара-бара көп улуттуу өлкөбүздүн саясый, экономикалык, маданий ордосуна айланды.

Ырыскылуу Чүй өрөөнү бүгүн – экономикалык кубаты жагынан өлкөдөгү алдыңкы регион. Тоо-кен, курулуш тармагында, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө эң алдыңкы орунда турат. Республика боюнча талаачылыкта өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 26 пайызы, эт жана сүт азыктарынын жалпы көлөмүнүн 23-25 пайызы Чүй облусунун үлүшүнө туура келет.

Республика өнөр жайында облустун үлүшү дээрлик үчтөн бир бөлүгүнө барабар, курулуш тармагына капиталдык салымдардын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун жалпы көлөмү боюнча өлкөдө биринчи орунда. Региондо текстиль өндүрүшү, металл, кокс жана мунай заттарын кайра иштетүү, кийиз жана пластмасса буюмдарын жасоо, айнек, кыш жана цемент өндүрүү, электр жабдууларын чыгаруу өнүккөн. Жыл сайын миллиондогон долларлык инвестициялар тартылып, ондогон жаңы ишканалар ишке салынып, жүздөгөн жаңы жумушчу орундар түзүлүп жатат.

Облуста жыл өткөн сайын жаңы курулган балдар бакчаларынын, мектептердин, медициналык жана маданий мекемелердин саны өсүүдө. Жолдор оңдолуп, жаңы көпүрөлөр курулууда. Чүй облусундагы ишканалар жана фермерлер Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыкчам ыңгайлашып, продукцияларын тышкы рынокко чыгара башташты.

Мындай ийгиликтер даркан өрөөндүн тургундарынын талыкпаган эмгегинен жаралып келатат. Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарова энебиздин эмгеги кезинде кең Советтер Союзунда үлгү катары даңаза болгон.

Сары-Өзөндөн мамлекеттүүлүктүн калыптанышына, өнөр жайы менен айыл чарбасына, илим менен маданиятка зор салым кошкон инсандар чыкты. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыковдун, Иманалы Айдарбековдун, Акматбек Сүйүнбаевдин, Бейшенбай Мураталиевдин, Күлийпа Кондучалованын, Сагын Бегматованын, Султан Ибраимовдун, Темирбек Кошоевдин, Алиаскар Токтоналиевдин жана башкалардын ысымдары Кыргызстандын тарыхына өчпөс болуп жазылды.

Маданият жана искусство чөйрөсүндө өз ысымдарын түбөлүк калтырган залкар таланттар Мураталы Күренкеев, Сабира Күмүшалиева, Абдылас Малдыбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Асанкан Жумакматов, Сүймөнкул Чокморов, Артык Мырзабаев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, классик акын-жазуучулар Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Жалил Садыков жана башка айтылуу инсандар да – Чүйдүн кулундары.

Региондо туулуп өскөн, Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы инженер Хусаин Көлбаев, тунгуч учкуч Ишембай Абдыраимов, биринчи генерал Султаналы Самсалиев, СССР спортунун алгачкы чебери Тобокел Мамыров, биринчи Олимпия чемпиону Каныбек Осмоналиев бүт элибиздин атагын чыгарган. Ошондуктан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндө жана чыңдалышында Чүй өрөөнү уютку болгону шек жаратпайт.

Урматтуу мекендештер!

90 жылдык тарыхында Чүй облусунун кең пейил калкы өлкө тарыхында түбөлүк кала турган көп жакшылыктарды да, жамандыктарды да көрдү. Бирок өрөөндүн ар бир тургуну Чүй облусунун тарыхына, Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыймыктана алат. Анткени баарына текши калыс, койну кенен Сары-Өзөн Чүйдү ар заманда, ар мезгилде кырк уруу кыргыз элине кучагын жайган, улутту уруудан өйдө койгон, коктусунан коомду өйдө койгон, элибизди, жерибизди бириктирген Алтын Өзөн деп айтсак болот.

«Сары-Өзөндө молчулук болсо - өлкөдө токчулук болот» дегендей, бардыгыбыз жапатырмак киришип, жаратман эмгегибиз менен Чүй облусун, жалпы өлкөбүздү гүлдөп өстүрүп, жашообузду байманалуу деңгээлге жеткирүүбүз абзел. Анткени бейиштин төрүндөй болгон Мекенибизде толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Дагы бир жолу сиздерди Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                            Алмазбек Атамбаев”.

2016-жыл 27-май