Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Стамбулга учуп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22 - майда Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Гим Мундун чакыруусу менен Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп келди.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаевдин башка делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары болот.  

Маалымдама: Бириккен Улуттар уюмунун эгидасы  алдында өтүүчү дүйнөлүк гуманитардык саммит  кризистерге даярдыкты камсыз кылуу боюнча  эл аралык коомчулуктун мамислесин өзгөртүүчү учур болуп калмакчы.

 

 

 

 

2016-жыл 22-май