Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда өлкө Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдү чыңдоо жана армиянын күжүрмөн даярдыгын арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалыматты укту.

Президент Алмазбек Атамбаев Генералдык штаб Куралдуу күчтөрдүн азыркы коркунучтарга жана талаптарга жооп бергидей күжүрмөн түзүмдөрдү калыптандыруу иштеринин аягына чыга электигин белгиледи. Мындан ары да өлкөнүн тышкы чек араларын бекемдеп, мамлекеттин коргонуу жөндөмүн күчөтүү зарыл.

Мамлекет башчысы аскердик тартипти бекемдөө боюнча аскер жетекчилигинин, жоокерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн  колбашчыларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш экенине көңүл бурду.

2016-жыл 21-май