Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, анын ичинде тышкы саясаттын орчундуу багыттарын өнүктүрүү, эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда жетишилген келишимдерди аткаруу боюнча маалыматтарды укту.

Эрлан Абдылдаев алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга даярдыктар тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, алдыда боло турган тышкы саясый иш чараларга байланыштуу тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2016-жыл 17-май