Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Тумар КР» бийчилер тобунун катышуучуларын кабыл алып, аларга Лондондо өтө турган «Britain’s Got Talent» телесынагына катышуу үчүн финансылык көмөк көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-майда белгилүү бийчи Атай Өмүрзаковду жана «Тумар КР» бийчилер тобунун катышуучулары Айбек Мирбековду жана Баяман Өмүрбек уулун кабыл алды.

«Мен силер менен сыймыктанам. Силер бардык кыргызстандыктарды шыктандыруу менен гана чектелбестен кажыбаган эмгек жана жеңишке жетишүү үчүн болоттой бекем эрк болсо,  кандай гана бийиктиктер болбосун багындырууга болорун өз мекендештериңерге көрсөтүп жатасыңар, - деди Алмазбек Атамбаев атактуу кыргызстандык бийчилерге кайрылып. – Биздин өлкөбүздө өз чеберчилиги жана жаңы идеялары менен ар кандай аянтчаларда өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп жүргөн таланттуу, күчтүү жаштарыбыз көп. Мен мындай жакшы жөрөлгөлөрдү ар дайым колдоп келгем жана мындан ары да колдойм». Мамлекет башчысы көбүнчө дал ушул Атай Өмүрзаковдун  жана «Тумар КР» тобунун жарк эткен жакшы ийгиликтери кыргызстандыктардын азыркы бийлерге болгон кызыгуусун жаратып, бий өнөрү өсүп келе жаткан муун арасында кеңири тарап жатканын белгиледи.

«Кыргызстандын даңкын чыгара бергиле! Силерге мындан аркы жеңиштерди, чыгармачылык шыктанууну жана ийгиликтерди каалайм», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев «Тумар КР» бийчилер тобуна Лондондо өтө турган Улуу Британиянын ITV телекорпорациясынын «Britain’s Got Talent» телесынагына баруу үчүн акча каражатын бөлдү.

2016-жыл 16-май