Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов башында турган өкүлдөр менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-майда, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын Президенти Фагниди Фиакре Адам Кили жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу Комитетинин Төрагасы Дашрауи Моэз менен жолугушту.

Жолугушууда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов жакында Бишкекте өткөн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу Кеңешинин 49-сессиясынын жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу Президентке маалымат берип, жылуу кабыл алууну жана иш-чаралардын эң жакшы уюштурулганын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун жана Бишкекте өткөн Уюмдун отурумдарынын маанисин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле Фагниди Фиакре Адам Килини  Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктап, анын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысынын орунбасары жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты.

2016-жыл 13-май