Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахундини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 12-майда Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахундини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу транспорт инфраструктурасы, энергетика жана авиакаттамдары чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери талкууланды.

Анын ичинде Президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жылы сентябрь айында Иранга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахунди «Кытай-Кыргызстан-Тажикистан-Афганистан-Иран» темир жол курулуш долбоорун иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Мамлекет башчысы Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-иран өкмөт аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыктары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары ар кыл тармактарда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын тереңдешине мүмкүндүк берээрине үмүт артарын билдирди.

Министр Аббас Ахунди Президент Алмазбек Атамбаевге Ирандын Президенти Хасан Роуханинин жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.

2016-жыл 12-май