Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу банк системасынын кызматкерлери!   

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар - Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздердин кесиптик майрам эгемен Кыргызстан үчүн  тарыхый окуя болгон улуттук валюта – сомдун киргизилиши менен байланышкан. Ошондон бери дүйнөлүк финансылык кризистерге жана саясый бурулуш окуяларга карабастан,  кыргыз акчасы КМШ мейкиндигинде эӊ туруктуу улуттук валюталардын бири бойдон калууда.

Кыргызстандын банк системасы процесстик кызматтардын жана мобилдик банкингдин өнүгүшү боюнча Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү ичинде алдыӊкы саптарды ээлеп келатат. Бүт дүйнөлүк “Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүк” экономикалык форумунун рейтингине ылайык, Кыргызстан заемщиктер менен кредиторлордун укуктарын мыйзамдык коргоо жагынан алдыӊкы беш өлкө катарына кирди.

Кыргыз Республикасын  2013 – 2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында банк системасынын алдына кредиттөө көлөмүн арттырууга жана кредиттер боюнча проценттик коюмдарды азайтууга,  экономикага узак мөөнөттүү жана арзан финансы ресурстарын тартууга, калктын банк системасына ишенимин бекемдөөгө багытталган маанилүү милдеттер коюлган.

Кыргызстан банктары экономикалык өсүшкө түрткү берүүгө тийиш. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграция экспортко багытталган өндүрүштү колдоо жана атамекендик товарлар менен кызматтарды сырткы рынокторго жылдыруу боюнча банк системасынан жандуу ишти талап кылууда. 1 миллиард АКШ долларлык ресурсу бар Кыргыз-россиялык өнүгүү фонду экономикабыздын чөйрөлөрүнүн ишин жандандырат деген үмүттөбүз.

Урматтуу банк кызматкерлери!

Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризис шарттарында сиздерге чоӊ жоопкерчилик жүктөлүп отурат. Мамлекетибиздин экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык ресурстарды пайдаланууга тийишсиздер.

Сиздер мындан ары да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошосуздар деп ишенем.

Сиздерге чыӊ ден соолук, Кыргызстандын жакшылыктары үчүн ишиӊиздерге ийгилик жана бакубатчылык каалайм!


Кыргыз Республикасынын                                 

Президенти                                                                                           А. Атамбаев».

2016-жыл 10-май