Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгыменен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгыменен куттуктады.

“Каардуу согуш жылдары элдерибиздин майдандагыкайталангыс каармандыгы менен эрдиги жана кажыбас кайратыдаңктуу тарыхыбызга түбөлүк жазылып калды.

Согуштагы жана ооруктагы сыноолорду жеңип чыккан элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара колдошуусу мындан ары да Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жана өнүктүрүүгө бекем негизболот деп ишенем,” - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевге, согуш жана оорук ардагерлерине, ошондой эле боордош Кыргызстан элине бакыт-таалай, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 7-май