Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстан Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүменен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

“Элдерибиздин тарыхындагы бул даңктуу майрамды белгилеп жатып, кан майданда кайталангыс каармандыгы жана эрдиги менен,өз өмүрүн курмандыкка чалып, келечек муундар үчүн тынчтыкты жана эркиндикти,  ооруктагы кажыбас эмгеги менен жалпы Жеңишибизди камсыз кылгандардын элеси алдында башыбызды ийип, терең таазим этебиз”,- деп белгиленет Ислама Каримовдункуттуктоо телеграммасында.

Өзбекстан Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2016-жыл 7-май