Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Бишкек шаарын өнүктүрүү, шаар инфраструктурасын жана шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча борбордук муниципалитеттин ишмердигинин негизги  багыттары боюнча маалымат алды.

Албек Ибраимов борбордук кызматтарды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун чаралары, Бишкектин көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү, баш калааны жарыктандыруу жана жашылдандыруу пландарын айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мэрия шаардыктардын күнүмдүк проблемаларын тезинен чечүүгө тийиш экенин белгилеп, баш калаанын маанилүү маселелерине токтолду. Мамлекет башчысынын айтымында, мэриянын ишине шаардыктар такай көз салып турат, алар Бишкектин таза, жашоого жайлуу жана заманбап шаар болушун каалашат. 

2016-жыл 4-май