Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 1-май - Эмгек майрамы менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!  

Баарыңыздарды Эмгек майрамы менен куттуктайм!

Май, Тынчтык, Эмгек деген сөздөр бири-биринен ажырагыс ыйык түшүнүк катары ар бирибиздин жүрөгүбүзгө тереӊ ширелген. Чынында эле бул күн – ар бир адамдын тынч, жаратман эмгегинин, бакубатчылыктын символу.

Өлкө байлыгы ар бир адамдын адал эмгегинен келип жыйналат. Ар бирибиз өз үйүбүзгө, айылыбыз менен шаарыбызга мээнетибизди төксөк, бүт мамлекетибиздин кубаты артат, калкыбыздын кырманы кызылга, дасторкону ырыскыга толот. Ошондуктан “Аракет кылсаң – берекет”, “Мээнетиӊе жараша – дөөлөт” деген макалдар бардык тилде бирдей мааниге ээ.  

Талыкпас мээнет гана ар бир адамга ийгилик алып келерин, өлкөнүн коопсуздугу жана эркиндиги да ар бирибиздин адал эмгекке жана жоопкер мамилеге жараша бекемделерин көпчүлүк кыргызстандыктар жакшы түшүнөт.

Урматтуу мекендештер!

1-май – жалаң гана Эмгек майрамы болбостон, биримдиктин, ынтымак менен достуктун да символу. Бул күнү улутуна, курагына, социалдык тегине карабастан, бардык кыргызстандыктар көктөмгө толгон жаз күнү менен кошо шаңданып, өздөрүн бир үй-бүлөнүн, бир өлкөнүн жарандарындай сезишет.

Бул ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Ар бирибиздин жүрөгүбүз сүйгөн жумушубуз болсун, тер төккөн мээнетибиздин акыбетин көрөлү!

Баарыӊыздарга бакты-таалай, ачык асман, бакубат жашоо каалаймын!

Өлкөбүз менен кошо өркүндөйлү!         

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                  А.Ш. Атамбаев”.

2016-жыл 30-апрель