Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29- апрелде, «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду жана фильмдин продюссери, кинорежиссер Садык Шер-Ниязды кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы «Сүтак» көркөм фильминин авторлорун алардын картинасы көптөгөн эл аралык абройлуу конкурстардын сыйлыктарына ээ болгондугу, ириде “НИКА” Улуттук киносыйлыгы  версиясы боюнча КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми катары таанылышы менен   куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин маданиятын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн таасын чагылдырган мыкты картинаны жараткандыгы үчүн фильмдин Мирлан Абдыкалыков башында турган чыгармачыл тобуна ыраазычылык билдирди. «Силер улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдырын жана турмуш-тиричилигин, алардын каарман эмгегин, жаратылышка болгон сүйүүсүн жана аяр мамилесин, биздин бай каада-салттарыбызды жакшы көрсөтө алгансыңар», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Мирлан Абдыкалыковго Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан кол саат тапшырып, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 29-апрель