2016-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйында төмөнкү эки маселе каралат:
1. «Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоо чаралары жөнүндө»;
2. «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын иш милдеттерин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө».
Жыйын жабык режимде өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун журналисттер үчүн брифинги болот.