Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-апрелде, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы  Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы сапары эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө жаңы дем берип, эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жакындыгын эске алуу менен ар кайсы тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто эки тараптуу кыргыз-венгердик кызматташтыкты чамдатуунун, ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү ургалдаштыруунун маанисин белгилешти.

Учурдан пайдаланып, министр Петер Сийярто Венгриянын өкүлдөрү быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышаарын билдирди.

2016-жыл 26-апрель