Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында бүгүн, 25-апрелде өлкө Президенти алдындагы Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү.

Жыйында Кеңештин катышуучуларына азыркы заманда улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана Кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган иш чаралар планынын Өкмөт тарабынан аткарылышы тууралу маалымат берилди. Ал боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева баяндама жасады.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаңы замандын адамын калыптандырууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү күн тартибине коюлган маслелер боюнча ойлорун жана сунуштарын ортого салышты. Талкуунун аягында Кеңештин биринчи жыйынында алынган иш чаралар планынын аткарылышы тууралу Өкмөттүн маалыматы бекитилди.

2016-жыл 25-апрель