Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик Мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-апрелде, «Ата-Бейит» Мемориалдык комплекстин аймагында курула турган 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик Мемориалдын долбоорунун авторлорун кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы эстелик Мемориалдын эскиздери жана долбоордук документтер менен таанышып, бул Мемориал курула турган «Ата-Бейиттин» аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу баяндаманы укту.

Долбоорлор менен таанышып чыгып, Президент Алмазбек Атамбаев анын авторлоруна ыраазычылык билдирди жана жүз миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган 1916-жылдагы окуялар өлкө тарыхындагы маанилүү учурлардын бири экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган Мемориалдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык конкурстун жыйынтыгында скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. Бул конкурс эки жолу жарыяланып, анда өлкөдөгү белгилүү скульпторлор менен архитекторлордун ондогон долбоорлору жана иштери каралган.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева, Тарых жана жана маданият жылы боюнча Мамлекеттик директорлуктун директору Султан Раев, “Мурас” фондусунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев катышты.

2016-жыл 21-апрель