Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жамааты менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-апрелде,  А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, театрдын жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда театр жамаатынын мүчөлөрү классикалык көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жетишкендиктер менен бирге театрдын алдында кечиктирбей чечүүнү талап кылган чарбалык жана социалдык-турмуштук маселелер турганын Президентке айтышты.  Биринчи кезекте, алардын сөзү боюнча, театр кызматкерлеринин маянасын көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кароо керек, театрдын имаратын капиталдык оңдоо, азыркы репертуарга кирген спектаклдерди коюуну калыбына келтирүү, оркестрдин аспаптарын жаңыртуу, чыгармачыл кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү зарыл.

Президент Алмазбек Атамбаев театр жамаатынын маянасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн табууну, ошондой эле кийинки жылдын бюджетинде Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын  имаратын толук капиталдык оңдоо үчүн зарыл болгон каражаттарды кароону Өкмөткө тапшырды.

Мамлекет башчысынын таетр жамааты менен жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Гульмира Кудайбердиева, өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов  жана өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиев катышты.

2016-жыл 19-апрель