Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираоканы анын миссиясынын бүтүшүнө байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосунда инфраструктура, энергетика, айыл чарба жана билим берүү чөйрөлөрүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  кызматташтыгынын, андан тышкары бир катар багыттар боюнча өз ара иш-аракеттерди андан ары арттыруу маселелери талкууланды.

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рие Хираока Кыргызстандын өнүгүп жана демократиянын бекемделүү мезгилинде иштөө бактысы туш келгенине жана ар кайсы тармактарда орошон өзгөрүүлөргө өз көзү менен күбө болгонуна канааттанганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жемиштүү иши жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү долбоорлорго кошкон салымы,  Кыргызстан менен Азия өнүгүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты тереӊдеткени үчүн Рие Хираокага ыраазылыгын жолдоду.

Маалымат иретинде: Рие Хираока Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору катары 2011-жылдын январынан бери иштейт.

2016-жыл 18-апрель