Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын соода биржалары жана палаталары Бирлигинин Төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-апрелде, Түркиянын соода биржалары жана палаталары Бирлигинин Төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркия ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркиянын Соода биржалары жана палаталары бирлигинин Төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу ошондой эле түркиялык компаниялардын Кыргызстандагы ишмердигине жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында экономикалык эркиндикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан иштерге да көңүл бурушту

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кириши жана Евробиримдик тарабынан артыкчылык (ВСП+) макамынын берилиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

2016-жыл 18-апрель