Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көптөгөн курмандыктарга алып келген Кюсю аралындагы зилзалага байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көптөгөн курмандыктарга алып келген Кюсю аралындагы кыйраткыч зилзалага байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

«Кыргызстан эли ушул оор учурда япон элинин азасын тең бөлүшөт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында. 

2016-жыл 16-апрель