Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-апрелде, өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушууда үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жана бюджет саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттарына байланыштуу маселелер талкууланды.

Адылбек Касымалиев ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо боюнча ведомство тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Финансы министрлиги бюджет саясатынын негизги принциптерин карманып, жарандардын алдындагы бардык социалдык  милдеттемелерди толук көлөмдө жана бардык багыттар боюнча туруктуу каржылоону камсыз кылышы зарыл экенин баса белгиледи.

 

2016-жыл 16-апрель