Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

Жолугушууда Премьер-министр Мамлекет башчысына Өкмөттүн программасынын негизги багыттары жана  Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы иш чаралар тууралу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев аткаруу бийлик органдарынын борбордо жана жер-жерлерде бир калыпта ишин камсыздоонун, антикризистик чараларды жүргүзүүнүн, жазгы талаа иштерин өз маалында ойдогудай бүткөрүшү үчүн фермерлер менен айыл эмгекчилерине зарыл шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы жол курулуш чөйрөсүндөгү ири долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу иштерин жакшыртууга көӊүл бурду. 

2016-жыл 14-апрель