Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык:

Осмоналиев Акылбек Шарипович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министри болуп дайындалды;

Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Турганбаев Мелис Токтомамбетович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

Кожошев Арзыбек Орозбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

Бекбоев Турдуназир мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Айдаров Замирбек Казакбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды;

Боронов Кубатбек Айылчиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Сариева Эльвира Кубанычбековна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

Максутов Алтынбек Аскарович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды;

Кенжисариев Марат Сарымсакович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Сегизбаев Абдил Кенешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. 

2016-жыл 13-апрель