Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Жээнбеков Сооронбай Шариповичти мурдагы ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.

2016-жыл 13-апрель