Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кризис шартында жана жазгы талаа жумуштары кызып турган кезде Жогорку Кеңеш жаңы Өкмөттү мүмкүн болушунча тез арада шайлашы керек”

«Кризис шартында жана жазгы талаа жумуштары кызып турган кезде Жогорку Кеңеш жаңы Өкмөттү дайындоо жана анын программасын бекитүү маселелерин мүмкүн болушунча тез арада караш керек. Өкмөттүн тутумуна жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкса, ал маселени кийинчерек деле караса болот. Бүгүн Өкмөттүн алдында ыкчам чечүүнү талап кылган көп милдеттер жана проблемалар турат», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 12-апрелинде парламенттик көпчүлүктүн коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Кыргызстан» саясий партиясынын фракциясынын лидери Канат Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын фракциясынын лидери Бакыт Торобаев, «Ата-Мекен» саясий партиясынын фракциясынын өкүлү Сайдулла Нышанов катышты.

2016-жыл 12-апрель