Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Каатчылык учурунда калкыбыз үчүн электр кубаттуулугуна тарифтерди көтөрүүгө болбойт»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агентчиликтин директору Таалайбек Нурбашевди жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алда.

Жолугушууда Мамлекет башчысы электр кубаттуулугун импорттоо боюнча жана 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөткө тарифтик саясатында каралган 20 пайыздын ордуна электр кубаттуулугуна тарифтерди 10 пайызга көтөрүү боюнча пландар жөнүндө маалымат алды. Мамлекет башчысына ошондой эле 2016-жылдын 1-апрелинен тартып, жылуулук кубаттуулугуна тарифтерди 20 пайызга көтөрүү боюнча пландар жөнүндө да баяндама берилди.

«Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын учурунда Кыргызстандын калкы үчүн электр кубаттуулугуна тарифтерди кайра кароого өтө этият мамиле жасап, терең жана кылдат иштеп чыккандан кийин гана чечим кабыл алуу керек. Азыркы шартта электр кубаттуулугуна тарифтерди көтөрүүгө болбойт», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы финансылык жоготууларды азайтуу үчүн энергетика тармагынын өзүндө резервдер бар. «Ата-мекендик энергетиканын потенциалын өөрчүтүү жана бекемдөө, негизги станцияларды модернизациялоо, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, электр кубаттуулугунун коммерциялык жоготууларын мүмкүн болушунча азайтуу жана энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча иштерди улантуу зарыл», - деди Алмазбек Атамбаев.

2016-жыл 9-апрель