Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-апрелде, өлкөгө иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы  Сергей Нарышкин менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Сергей Нарышкин башында турган парламенттик делегация менен жылуу учурашып, Кыргызстан үчүн Россия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин белгиледи.

«Биздин ортобуздагы кызматташтыкты бекемдеген бул сыяктуу иш сапарларды кубануу менен кабыл алабыз. Сиздердин иш сапар менен биздин өлкөгө келгениңерге жана кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз», - деп баса белгилеген Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн парламенттери ортосундагы активдүү байланыштарга канааттануусун билдирди.

Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы  Сергей Нарышкин учурдан пайдаланып, Президент Алмазбек Атамбаевди жана өлкө калкын Элдик Апрель революциясынын күнү менен куттуктады. «Бул өтө абройлуу окуя, абройлуу майрам, Сизге жана республиканын бардык элине албан ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деди ал.

«Биздин программабыздын мазмуну өтө бай, бүгүн биз “Евразия экономика келечеги” форумунун кезектеги отурумун өткөрдүк. Буга чейин эмне жасалгандыгы, бүгүнкү күндүн милдеттери жана келечекке карай милдеттер жөнүндө жакшы сөз болду», - деп айтты Сергей Нарышкин.

Мамлекеттик Думанын Төрагасы ошондой эле тарыхчылар менен жолугушууда кызматташуунун жолдору талкууланганын жана тарыхтын мерчемдүү окуяларына карата мамиле боюнча позициялар такталганын белгиледи.

«1916-жылдагы кайгылуу жана трагедиялуу окуялар жөнүндө да сөз болду. Ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү советтик мезгилге, кыргыз мамлекетинин азыркы кезде калыптануу маселелерине да көп көңүл бурулду.  Мен биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер чынында эле стратегиялык мүнөзгө ээ экендиги жөнүндө Сиздин пикириңизге кошулам. Биз экономика, саясий, гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызмытташтыктын жүрүшүнө оң баа беребиз», - деди сөзүнүн аягында Сергей Нарышкин.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле  мамлекеттер жана парламенттер аралык деңгээлдеги кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

2016-жыл 8-апрель