Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Таиланд канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде, өлкөгө визит менен келген Таиланд канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн менен жолугушту.

Жолугушууда маданий-гуманитардык, билим берүү жана туризм чөйрөлөрүндөгү Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Таиланд канбийкеси менен жылуу учурашып,  анын Кыргызстанга биринчи визити өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүнө жаңы дем берерине үмүттөнөрүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Таиланд канбийкеси Маха Чакри Сириндхорн Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын жана ар кыл чөйрөлөрдөгү эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин белгилешти.

2016-жыл 7-апрель