Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен россиялык  «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүдө Алексей Миллер Мамлекет башчысынын кайрылуусуна ылайык “Газпром” 2016-жылдын 2-кварталынан тартып, 1000 кубометр жаратылыш  газынын сатып алуу баасын 165 АКШ долларынан 150 долларга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер  ошондой эле “Газпромдун” катышуусу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлордун азыркы абалына жана келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

2016-жыл 1-апрель