Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун азыркы төрагасы, Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31- мартта,  өлкөгө иш сапары менен келген Европа коопсуздук жана кызматташуу Уюмунун (ЕККУнун) азыркы төрагасы, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер  менен жолугушту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Федералдык министрди жылуу кабыл алды жана Кыргызстан анын биздин өлкөгө иш сапарына өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Франк-Вальтер Штайнмайер жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, эң жакшы  таасир калтырган өзүнүн Кыргызстанга болгон мурдагы иш сапарын эскерди. “Андан бери абдан көп убакыт өттү, бирок бүгүн да ошондогудай жакшы маанайда жолугуп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна мен кубанычтамын», - деп Франк-Вальтер Штайнмайер бүгүн жигердүү өнүгүп жаткан кыргыз-германиялык мамилелердин келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын ЕККУ  жана Германия менен кызматташтыгынын жогорку деңгээлде экендиги белгиленди, ошондой эле ар кандай формаларда мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер эл аралык мамилелердин негизги маселелердин айланасында пикир алмашышып, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана азыркы коркунучтарга каршы туруу боюнча мындан аркы иштердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, Кыргызстанда демократияны жана сөз эркиндигин мындан ары бекемдөө, демократиялык институттарды өнүктүрүү жана өлкөдө таза, ачык шайлоолорду өткөрүүдө кызматташууну улантуу маселелери талкууланды.

2016-жыл 31-март