Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет өлкөлүк элчилерден Ишеним баракчаларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  30-мартта  Пакистан Ислам Республикасынын, Түркмөнстандын, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын, Польша Республикасынын, Австралиянын, Швеция Королдугунун, Филиппин Республикасынын, Израиль Мамлекетинин жана Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен Ишеним баракчаларын кабыл алды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы кыргыз жергесинде дипломаттык кызмат башчыларын жылуу тосуп алып, алардын ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен ачык жана достук диалогду түзүү Кыргызстандын башкы багыты экенин белгиледи. «Биз өзүбүздүн эл аралык милдеттенмелерибизди кынтыксыз аткарып, ошону менен катар улуттук кызыкчылыктарыбызды да бекем коргоп жатабыз», - деди Президент.

Мамлекет башчысы быйылкы жылы Кыргызстан эки аймактык уюмда – КМШ жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматтыштык  кеңешинде төрагалык кыларын, жыл эл аралык иш чараларга жыш болорун белгиледи.

Пакистан менен кызматташтыкка токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы май айында Дүйшөмбү шаарында расмий ишке кире турган  CASA-1000 долбоорун биргелешип жүзөгө ашыруу бул долбоорго катышкан бардык өлкөлөргө пайда алып келерине үмүт артарын айтты.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара алака-катышына токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары эки тараптуу кыргыз-түркмөн мамлекеттик катнаштар кыйла жанданганын белгиледи. Мамлекет башчысы жогорку деңгээлде жетишилип,  боордоштук жана достук мамилелерге негизделген биргелешкен макулдашуулардын  ишке ашарына ишенерин билдирди.

«Биз Алжир Элдик Демократиялык Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди жандантып, соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты жөнгө салууга ынтызарбыз», - деди Алмазбек Атамбаев Алжир элчисине кайрылып.

Мамлекет башчысы соңку кезде кыргыз –поляк катнаштары айрыкча айыл чарбасында жандана баштаганына көңүл бурду. «Байланышыбыз дагы артып, жемиштүү кызматташабыз деген үмүт бар», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Австралия менен алака-катыштарды жогору баалайт жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыктын багыттарын табууга ишенет. 

Кыргыз-швед кызматташтыгына токтолгон Мамлекет башчысы Скандинав өлкөлөрү арасында Швеция Кыргызстандын эң жакын өнөктөшү экенин белгиледи. «Демократиялык институттарды өнүктүрүүдө, социалдык маселелерди чечүүдө жана коррупция менен күрөшүүдө биздин өлкө Швециянын тажрыйбасына таянуусу керек», - деди Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы коррупция тууралуу швед окумуштуусунун илимий эмгегин мисалга тартып.

Филиппин менен кызматташтыкка токтолуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Филиппинди Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш катары санай турганын белгиледи. «Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тез өнүгүшүн эске алуу менен биз эки тараптуу байланыштарды жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү ишин жандандыруу зарыл деп эсептейбиз”, - деди Мамлекет башчысы.

Израилдин элчисине кайрылып, Президент эки өлкө ортосундагы мамилелер бир калыпта өнүгүп жатканына көңүл бурду. «Эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдар алкагында да өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө биз даярбыз», - деп, Алмазбек Атамбаев жашылдандыруу жаатында тажрыйба алмашуунун маанисин да баса белгиледи. 

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-венгр алакалары жандана баштаганын канааттануу менен белгиледи. «Биздин элдердин тарыхый жакындыгы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды жандантууну талап кылат», - деди Мамлекет башчысы алдыда белгиленген эки тараптуу мамлекеттер аралык байланыштардын жемиштүү болоруна үмүт артуу менен.

Президент ошондой эле Венгрия жетекчилигинин өкүлдөрү  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышарына үмүттөнөрүн билдирди.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилерге дипломаттык ишине байсалдуу сапар каалады. «Сиздердин ишиңиздердин жыйынтыгында биздин өлкөлөр ортосундагы катнаштар кыйшаюусуз өсөт деп ишенгим келет”, - деди Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миисиялардын башчыларын Кыргызстан Өкмөтү жана Президентинин Аппараты тарабынан аларга ар тараптан колдоо жана көмөк көртсөтүү болот деп ишендирди.

Президент Алмазбек Атамбаев элчилерге  ден-соолук жана үзүрлүү иш каалады.

Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним баракчаларын төмөндөгү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырышты:

1. Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кази Хабиб Ур Рехман;

2. Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мередов Шадурды Овезнепесович ;

3. Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Насер Бушерит;

4. Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мачей Ланг;

5. Австралиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Питер Мартин Теш;

6. Швециянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кристиан Камилл;

7. Филиппин Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Даниел Рамос Эспириту;

8. Израиль Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Михаэль Бродский;

9. Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андраш Барани.

 

2016-жыл 30-март