Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге Пакистандын Лахор шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты.
«Кыргызстан кандай гана көрүнүштө болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирек сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.