Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү,  социалдык маанидеги объектилердин курулушу жана автомобиль жолдорун жаңылоонун жүрүшү тууралу маалыматтар берилди.

Салайдин Авазов шаардын суу камсыздоочу системасын жаңылоо чаралары тууралу айтып берди. Бул система ишке кирсе, бардык шаардыктар ичүүчү суу менен камсыз болушат. Мэр ошондой эле канализация системасын толугу менен жаңылоо пландарына да токтолду.

Жалал-Абад шаарынын башчысы бюджеттик ачыктыкты камсыз кылуу аркылуу  шаар бюджетинини эсебинен социалдык объектилерди куруу жана жолдорду оңдоо көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүн болгонун белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаар мэрине шаарды өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду өз маалында жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

2016-жыл 28-март