Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевге чек арадагы кырдаал жөнгө салынганын билдиришти

Өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дуйшенбиев бүгүн, 26-мартта, телефон аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге 2016-жылдын 26-мартында эртен мененки саат 8:00дө өзбек тарап согуш техникаларын жана аскерлерин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Чаласарт  такталбаган участогунан чыгарып кеткенин билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы эки өлкөнүн чек арачылары жетишилген келишимге ылайык штаттык режимде кызмат кылууга өтүшкөнүн айтты.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрү кечээ 25-мартта болду.

2016-жыл 26-март