Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-мартта  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушууда Толкунбек Абдыгулов өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан 2397 жарандын жалпы суммасы 2 млрд. 163 млн. сомдук ипотекалык насыялары трансформацияланганы жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү туруктуу макроэкономикалык кырдаалды, ошондой эле банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын ишмердигинин негизги багыттары тууралуу маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук валютанын туруктуулугун кармоо, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу эле эмес, ишкерлердин жана фермерлердин арзан кредиттик ресурстарга жетишин камсыз кылуу аркылуу Кыргызстандын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүүдө Улуттук банктын негизги милдети экендигин баса белгиледи.

2016-жыл 25-март