Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУ Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана  Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын өнүгүү перспективаларына байланыштуу маселелер  талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан аймакта пайда болгон маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүнү жактаарын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүү экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ар кайсы чөйрөлөрдөгү реформаларды ишке ашырууда Кыргызстан менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да уланаарына үмүттөнөөрүн билдирип, аймактагы диалогду бекемдөөдөгү Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

2016-жыл 24-март