Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин протоколдук улуктугун аныктоо максатында кабыл алынды.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо боюнча мамлекеттик комитети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу ушул Мыйзамдын жоболору менен Кыргыз Республикасынын Коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын протоколдук улуктугу аныкталган. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 24-март