Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан  2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоо алкагында “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү  болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-март