Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 17-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты –  “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун жакшыртуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 24-март