Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги террористтик актыларга байланыштуу Бельгиянын Королу Филиппке көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-мартта, Брюсселде болуп өткөн террористтик актылардын натыйжасында жарандардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террористтик актыны чечкиндүү айыптайт жана террористтик актыларды адамгерчиликке сыйбайт жана актоого болбойт деп ишенет», -  деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарын жана жакындарын колдоорун билдирди жана бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

2016-жыл 23-март