Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-мартта өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый ишмердиги, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдору тууралу маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн улуттук таламдарын коргоо милдеттерин эл аралык укук нормаларына ылайык өз маалында жана так ишке ашыруу үчүн тыкыр жана салмактуу мамилени талап кылган проблемаларды конструктивдүү чечүүгө багытталган курсту кыйшаюусуз улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

2016-жыл 22-март