Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды  Нооруз майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

 

“Кымбаттуу мекендештер!

Баарыңыздарды улуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз–тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам тирилигинин ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы. Күн менен түн  теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат,  дасторконуна берекесин жайнатышат.

Бул күн - түгөнбөс түйшүктөрдөн бир саам эсибизди жыйып, “Өмүрдүн маңызы эмнеде?” деген суроого жооп издей турган учур.

Быйылкы Нооруз майрамы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө.“Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок” деп “Манаста” айтылгандай, бул кыска аралыкта кыргызстандыктар кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү.

Кыргыз эли, кыргызстандыктар руханий кайра жаралууну башынан кечирүүдө. Ата-бабаларыбыздын мыкты салттары менен жөрөлгөлөрү кулач жайып, өткөн тарыхыбызга кайрылуу жанданды. “Мен – кыргызстандыкмын!” деген сыймыктануу сезими жүрөгүбүзгө ширелүүдө.

Улуу Нооруз элибизге күч-кубат берсин, өмүр гүлүн чачсын. Кыска өмүрдү нускалуу, маңыздуу жашап, жакшылыктарга толтуралы.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          А.Атамбаев”

 

2016-жыл 21-март