Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Афганистан Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында байыркы Нооруз майрамы дүйнө жүзүндө маданий жана руханий майрам катары белегилене тургандыгы айтылат.

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани келе жаткан жаңы жылда биздин мамлекеттер жана элдер ортосундагы  достук мамилелер эки тараптын кызыкчылыктары үчүн өнүгө берет деген ишенимин билдирди.

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2016-жыл 18-март