Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында табигаттын ойгонушун, жаратмандыктын жана жер жүзүндө жаңы өмүрдүн башталганын билдирген эки жылдан бери эл аралык деңгээлде белгиленип келе жатканы, бул анын дүйнөлүк маданияттын ажырагыс бөлүгү катары айныгыс баалуулугунун күбөсү экендиги белгиленген. Нооруз Жер жүзүндө эң байыркы майрамдардын бири катары XXI кылымдын башында БУУнун деңгээлинде эл аралык майрам катары таанылгандыгы белгиленет. “Бул айжаркын майрамдын гуманисттик идеалдары  мындан ары да биздин өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин ортосундагы достук жана көп кырдуу кызматташтыктын тереңдешине өбөлгө болоруна ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук жана өлкөнүн өнүгүшү өчөн жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2016-жыл 18-март