Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Өткөн жылы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө бир кыйла жетишкендиктер болду. 2016-жылы биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн өлкөлөрүбүз ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн Сиз менен бирге аракеттенүүгө даярмын», - деп айтылат Кыйтай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпиндин телеграммасында.
Кыйтай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.