Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-мартта өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн сырткы чектеринин кол тийгистигин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик чек араны коргоо жана чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалыматты укту.

Раимберди Дүйшөнбиев мамлекеттик чек арада көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү бекеттерди заманбап жаңылоо иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына чек ара бөлүкчөлөрүнүн аскерий күжүрмөндүгүн андан ары арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.         

2016-жыл 18-март