Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун активи менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында  Жалал-Абад  шаарынын жана Жалал-Абад облусунун активи менен жолугушту. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

Жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекет башчысы өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып берди, экономиканы чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча пландарга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев элет эмгекчилерине берилип жаткан жеңилдетилген насыялардын көлөмү быйылкы жылы эселеп көбөйөрүн белгиледи. Анын айтымында, иштегиси келгендер, өндүрүштү, айыл чарбасын өнүктүрөм дегендер үчүн мамлекет  бардык шарттарды түзүшү керек.

Ушуга байланыштуу Президент биринчи кезекте айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана экспортко багыт алган ишканалардын санын көбөйтүү менен Кыргызстан евразиялык интеграциялык процесстерге катышуунун артыкчылыктарын натыйжалуу пайдаланышы зарыл экендигин баса белгиледи.

Жолугушууда Мамлекет башчысы ошондой эле жолугушуунун катышуучуларынын авто жолдорду, социалдык объектилерди жана ирригациялык каналдарды курууга, мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо процесстерине, жазгы талаа жумуштарына жана инфраструктуралык объектилерди курууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Бүгүн кечинде Президент Бишкекке кайтып келет.

2016-жыл 17-март