Аксы окуяларынын 14 жылдыгына байланыштуу бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан 2002-жылы Аксы жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюлду.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуяларынын 14 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышат.