Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында суу резервуарынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-мартта Ош облусуна жумушчу иш сапары маалында Ош шаарында кубаттуулугу 6000 м3 суу резервуарынын ачылыш аземине катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы көпчүлүк күткөн окуяга байланыштуу шаардыктарды куттуктады. «Ош шаарында көптөн бери ичүүчү суу тартыштыгы өкүм сүрүп келген эле. Эми бул суу резервуарынын ачылышы менен маселе 20%га чечилди. Суу маселесине мындан ары да көңүл бурулат», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев шаар көйгөйлөрүн өз маалында чечүү зарылдыгына көңүл бурду. «Оштун келечегине күн сайын кам көрүп, проблемаларын азыр чечүү керек, ошондо шаар өнүгөт. Айланма жол зарыл, ал ишке каражат табууга тийишпиз. Андан тышкары мектептер менен камсыз кылуу маселесин чечебиз», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле өлкө Президенти коомдук-саясый кырдаалга токтолуп, шаардыктарды ынтымакта жана биримдикте жашоого үндөдү. "Акыркы 30-40 жылда Ош шаарында бир канча коогалуу окуялар болду. Эми андай калабаларга жол бергенге болбойт. Ош – Кыргызстандагы эң байыркы шаар. Улутка, жер-жерге бөлүнбөйлү. Эгер чагымчылдыкка алдырсак, шаар өнүкпөйт», - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, кыргызстандыктар Ош менен сыймыктанат. «Элибиз биримдигин сактап калды, биз өз жолубузду таптык, эгер бул жолубуздан жазбасак, чоң ийгиликтерге жетишебиз. Кыргызстандын келечеги кең, бизге азыр ынтымак менен биримдик гана керек», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент андан тышкары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышы тууралу сөз кылды. "Биздин экономика бир канча жыл мурда  араң жан болучу, биз абалды оңдой алдык. Коррупция менен күрөштүн натыйжасында өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйттүк. Эгер ушул жетишкендиктерди сактап жана уланта алсак, Кыргызстан сөзсүз гүлдөп өсөт», - деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктарга жана меймандарга жакшылык, чың ден-соолук жана узак өмүр каалады.

2016-жыл 16-март